Кайрат Примбердиев Кремлде үн созот

© предоставлено Кайратом ПримбердиевымЫрчы Кайрат Примбердиев. Архив
Ырчы Кайрат Примбердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык ырчы жекшемби күнү россиялык теледолбоордун финалына өтүп, Кремлдин сахнасында ырдайт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кремль сарайында "Главная сцена" теледолбоорунун финалдык бөлүгүндө сүйүү жөнүндө ыр жаңырарын долбоордун кыргызстандык катышуучусу Кайрат Примбердиев билдирди.

Микрофон. - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев "Главная сценада" финалга чыкты
Музыкалык иш-чаранын финалдык бөлүгү 21-декабрь күнү Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт. Долбоордун катышуучулары сахнага Тамара Гвердцители, Ольга Кормухина, A`Studio тобу, Нюша, Иосиф Кобзон жана башка россиялык жылдыздар менен чыгат. Белгилей кетсек, теледолбоордун биринчи сезонун өзбекстандык ырчы, 24 жаштагы Сардор Милано жеңип алган.

Примбердиевдин айтымында, ал москвалык продюсери менен ырдала турчу чыгарманы аныкташкан. 

"Мен сүйүү жөнүндөгү "Скажите девушки" аттуу белгилүү ырды даярдадым. Ал жүрөктүн кылдарын дирилдетип аябай уккулуктуу. Негизи бул Марио Ланца ырдаган неопалитандык чыгарма", — деди ырчы.

"Главная сцена" теледолбоору — таланаттарды тандоонун орусча версиясы. Катышуучулар коомдук угуудан кийин тандалып алынат. Долбоордун баш байгеси — Россия боюнча тур болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0