БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Белгилүү жазуучу, киносценарист, котормочу, манасчы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтыштын жарым финалына Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Мамел Исраилов жана Кадырбек Бейшенов чыкты.
Маалыматка ылайык, жалпы жонунан айтышка Кыргызстандын жети дубанынын жана кытайлык кыргыздардан 22 акын катышып, андан сегизөө тандалып алынган. Алар өз ара айтышып, бир айлампадан кийин төрт акын калган.
Бүгүн улуттук филармонияда саат 14.00дө айтыштын жарым финалы, анын жыйынтыгы менен финалдык бөлүгү өтөт. Буга чейин байге фонду 500 миң сомду түзөрү белгилүү болгон.
Ак таңдайлардын өнөрүн Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев баш болгон калыстар тобу баалап жатат.
Ашым Жакыпбеков 1935-жылы 12-августта Киров районундагы Шекер айылында туулуп, 1994-жылы көз жумган.