Кайрат Примбердиев Россиянын "Главная сцена" телешоусунда финалга жакындады

© предоставлено Кайратом ПримбердиевымКайрат Примбердиев прошел в финал шоу "Главная сцена" на РТР
Кайрат Примбердиев прошел в финал шоу Главная сцена на РТР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарында жүрүп жаткан "Главная сцена" телешоусунун кийинки туруна өтүү кыргызстандык ырчы үчүн оңойго турган жок.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын "Главная сцена" телешоусунун жарым финалына өттү. Программа ишемби күнү "Россия 1" телеканалынан көрсөтүлдү.

Примбердиев алдыңкы эң кыйын деген үч конкурсант менен күч сынашты. Алар Малика Раззакова жана Арсений Бородин. Кыргызстандык ырчы "Я любил одну милую" ырын ырдаса, атаандаштары Раззакова "Веселые ребята" тасмасындагы, ал эми Бородин "Зурбаган" аттуу чыгармаларды аткарышты.

Төрт калыстын экөө — Диана Арбенине жана Елена Ваенга Примбердиевге добуш берсе, калганы экөө Бородинди колдоду. Бир жыйынтыкка келе албаган калыстар акыркы чечимди программанын акырында айта турган болушту. Жыйынтыгында, телешоунун жарым финалына экөө тең — Кайратбек Примбердиев да, Арсений Бородин да өттү.

Микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутиядагы эл аралык сынакта кыргызстандык жаран байгелүү болду
Эми кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев "Главная сцена" конкурсунун финалына чыгышы үчүн атаандаштары менен дагы катуу таймашуусу керек. Гала-концерт 21-декабрда Москва шаарындагы Кремль сарайында өтөт.

Телешоунун калыстары Валерий Леонтьев, Михаил Боярский, Владимир Пресняков жана Диана Арбенина. Биринчи телешоунун жеңүүчүсү 24 жаштагы өзбекстандык ырчы Сардор Милано болгон. Жеңүүчүгө берилген баш байге – бүткүл Россияны кыдырып концерт берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0