"Көк Асаба" романы туурасында кызыктуу 10 факты

© SputnikТүгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" романы. Архив
Түгөлбай Сыдыкбековдун Көк асаба романы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу-романчы Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" романы соңку адабий айдыңда элге тез алынып, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган салмактуу чыгармалардан болуп калды. Аны улуттук адабий процессте кыргыз элинин көөнө тарыхын көркөм иликтөөгө алган алгачкы роман катары да баалап келишет.

Бүгүн VI-VIII кылымдар арасындагы байыркы кыргыздар — көк түрктөр туурасындагы "Көк асаба" чыгармасына байланышкан кызыктуу 10 фактыны сунуштайбыз.

Бизге бул жаатта ОшМУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты, окумуштуу Бактыгүл Темирова жардамчы болду. 

"Көк Асаба" романы тарыхый булактардагы маалыматтарга негизделген. Чыгарма түркий тилдүү адабияттардын ичинен VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп бергендиги менен баалуу. Анын мазмунун Орхон-Енисей эпитафияларындагы урунттуу окуялар, санжыра, легендалар жана "Манас" эпосунун материалдары түзөт. 

Роман үч бөлүмдөн жана 31 бөлүктөн турган көп каармандуу чыгарма. 

Төлөгөн Касымбековдун жыйнагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сынган кылыч" туурасында 12 кызыктуу факт
1-бөлүм — Эр-Киши менен Жаш Тегиндин саякатына арналган. Бул жөнөкөй саякат эмес, бир эле учурда мезгил жана мейкиндик аркылуу жол жүрүү сыяктуу. Жүрүш Жаш Тегинге турмушту жана тарыхты таанытуу максатын көздөгөн. 2-бөлүмүндө элдин турмуш-тиричилиги, каада-салты сүрөттөлгөн. Ал эми 3-бөлүм – согуштук эпизод. Анда түздөн-түз эки аскердин кагылышы, кол башчылар Элтерес менен Эр-Кишинин аскердик тактикасы көрсөтүлөт. Автордун сүрөттөөсүндө Адылтай ажонун башкы максаты —кыргыз урууларын бириктирүү, көк асабанын алдында баш коштуруп, жеңилбес күчкө айландыруу. 

Алгачкы жарык көрүүсү. 60-жылдардын аяк ченинде Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асабасынан" үзүндү (журналдык варианты) жарыялана баштаган. 

18 жыл кармалып жаткан чыгарма. "Көк Асаба" 1971-жылы жазылып бирок, жарык көрбөй, он сегиз жыл текчеде жатып, анан чыккан. Бул туурасында автор "Тилекке каршы, кылдан кыйкым таап, артыкча эне тилге, тарыхка, калк мурасына кыйгач караган сенек мезгилдин залакасы тийди. Басууга жол алган роман эч себепсиз кармалды", — деп жазган. 

Жазууга 21 жыл кеткен. Автор романдын материалдын топтоо ишине 50-жылдардын экинчи жарымынан баштап эле киришет. Эгерде роман 1971-жылы басмага даяр болгондугун эске алсак, жыйырма бир жылга чукул мезгил кеткен. Жазуучу романга негиз болуп бере алган тарыхый даректерди, материалдарды, тарыхчы-окумуштуулардын Борбордук Азияда жашаган калктардын жалпы тарыхы боюнча жарыкка чыккан фундаменталдуу эмгектерин көп изилдеп, талдап чыккан. 

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
"Көк Асаба" китеп болуп бир эле жолу басылган. Роман айкындуулук желаргысынан кийин, 1989-жылдын "Адабият" басмасынан 35 миң нуска менен бир гана ирет басылып, эл арасына тездик менен кеңири тарап кеткен. Азыр бул китепти айрым китепканалардан табуу кыйын. 

Романда окуяны өнүктүргөн үч каарман. Окуя булардын өмүр тагдырлары менен шайкеш өнүгүп отурат. Алар уруу аксакалы Адылтай ажо, анын баласы Эр-Күлчур жана небереси мураскор Жаш-Тегин — үчөө үч муундун өкүлү. Аларды баш коштуруп турган жалпы идея баатырдыкты даңазалоо, элдин көз каранды эместигин коргоо, биримдигин чыңдоо, адилеттүүлүктү сактоо. 

Сөз философиясы. Чыгармада ак сөз, ала сөз, ыйык сөз, үч сөз, бөтөн сөз, жаман сөз, арам сөз, нарктуу сөз деген сөздөр кездешет. Ак сөз – эл бир туунун алдына баш кошуп, ынтымагы ырыска шерик болуп турганда айтылат. Эгер ак сөз айтылбай, калыстык бузулса, эл ичин ала сөз аралайт. Жазуучунун ишениминде ала сөз улуттук трагедияны жаратат. Жаман сөз — ушак айтууну айыптоочу эреже. Арам сөз — жоого сатылган, чыккынчыны айыптоочу жобо. Ууруну айыптоочу — бөтөн сөз. Ыйык сөз — жалпы адамзаттын жашоосундагы түбөлүктүү адеп проблемаларына болгон кыргыз элинин көз карашын чагылдырган. Улуу сөз — ата-энени, улууну сыйлоо, Мекенди ыйык тутуу. Бул туурасында адабиятчы, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева белгилейт. 

Манас эпосу жана энциклопедия. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манастын" Чоң казат бөлүмү туурасындагы кызыктуу жети факты
Чыгарманын тилдик өзгөчөлүгү. Романда Орхон-Енисей эпитафияларындагы бир катар сөздөр жана тарыхый архаикалык деп эсептеген эски кыргыз көөнө сөздөрү колдонулган. Алар адам аттары Күлчур, Агыш, Чагылдыр, Эрдене, Урдана. Андан сырткары жанчар, або-бек, эди, агач, марымчы, ол, айтур, онон, кесилур, эдим дагы бир катар сөздөр. Ал эми ажо сөзү кийин азыркы кыргыз коомунда мамлекет башчыга карата колдонулуп, азыркы кыргыз тилинде пайдаланыла баштады.

Жазылбай калган экинчи китеп. Роман "Бир аз ашыгып, соңку кылымда болгон окуяны чарпыдык. Буга дейре болгон чоң жортуул жөнүндө сөз эми башталат" — деп аяктайт. Автордун бул теманы дагы улантууга тийишмин деп айтканы бар. "XIII кылымда Чыңгыз хандын жортуулунун кесепетинен калкыбыз башынан оор кайгы кечирди. Аманчылык болсо ошол кайгылуу мезгилдерди камтуу менен китепти аяктасам деген үмүттөмүн",— деген Сыдыкбеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0