Кыска метраждуу тасмалардын фестивалына "Мыкты үн жасалгасы" номинациясы кошулду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы номинация фестивалдын алкагындагы Улуттук сынакта таймашкан тасмалардын үн коштоосун баалайт. Уюштуруучулардын айтымында, мындай аракет улуттук кинонун өнүгүшүн, режиссерлорду шыктандырып, демине дем кошот.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалынын улуттук сынагына катышкан тасмалар "Мыкты үн жасалгасы" аттуу жаңы номинация боюнча да баалана турганын "Айтыш-фильм" киностудиясы билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалында ретро тасмалар көрсөтүлөт
Маалыматка ылайык, 12-декабрда баштала турган V Эл аралык кинофестивалдын алкагында Улуттук жана Эл аралык сынак өтүп, тасмалар "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын байгеси" жана "Көрөрмандардын тандоосу" сыяктуу төрт номинацияда бааланмак. Уюштуруучулар улуттук тасмалардын үн жасалгасына баа бере турган жаңы номинация кошулганын белгилешүүдө.

Фестивалдын Улуттук сынагына катыша турган 10 тасманын үн жасалгасын белгилүү үн режиссер Бакыт Ниязалиев баалайт.

Үч күнгө созулган эл аралык иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, "Айтыш-фильм" киностудиясы, Кинематограф союзу жана Кинематография департаменти тарабынан уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0