Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 80 жылдыгы Анкарада белгиленди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАнкара. Архив
Анкара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүнөн соң акынга "Түрк дүйнөсүндөгү адабият айдыңындагы жыл адамы-2015" сыйлыгы тапшырылып, Султановдун ырлар жыйнагы жана "Ак жол" китебинин бет ачары болду.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги ТҮРКСОЙ уюму Евразия жазуучулар союзу менен биргеликте Кыргыз Эл акыны, коомдук ишмер Омор Султановдун 80 жылдык мааракесине арналган чыгармачыл кече уюштурду. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл акыны Омор Султанов 80 жашка чыкты
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара 7-декабрь күнү Анкара шаарында өткөн. Ага элчи Ибрагим Жунусов, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуб Омероглу, Түркиядагы кыргыз коомчулугу, кыргыз студенттер, Султановдун чыгармачылыгын изилдөөгө алган окумуштуулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүнөн соң "Түрк дүйнөсүндөгү адабият айдыңындагы жыл адамы-2015" сыйлыгы тапшырылып, Султановдун ырлар жыйнагы жана "Ак жол" китебинин бет ачары болду.

Кеченин соңунда кыргыз акынынын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0