Алп акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек кармаган жигиттер. Архив
Желек кармаган жигиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерүү кечесинде акындын ырлары окулуп, анын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылмакчы.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө нар көтөргүс салым кошкон белгилүү акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгы салтанаттуу белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эскерүү кечеси 8-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында саат 11.00дө башталат.

Иш-чарада акындын ырлары окулуп, сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылат. Кечеге бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, акындын күйөрмандарынын катышууну күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0