Жазуучу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына карата акындардын айтышы өтөт

Жазылуу
Алгач Таластын Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун музейинде жазуучунун бурчу ачылып, эки залкар инсанды эскерүү кечеси өтөт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкекте кара сөздүн чебери, белгилүү жазуучу, мыкты котормочу, "Теңири Манас" чыгармасынын автору Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына карата акындардын айтышы өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манас бабам менен баарлашканда
Маалыматка ылайык, айтыш 14-15-декабрь күндөрү өтөт. Алгач 12-декабрь күнү Жакыпбеков туулуп-өскөн Таластын Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун музейинде анын бурчу ачылып, эки залкар инсанды эскерүү кечеси өтөт.

Мамлекеттик тарых музейинде башталган айтыш 15-декабрда жазуучунун жаркын элесине арналган салтанаттын алкагында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, "Айтыш" коомдук фонду жана ЖК депутаттары тарабынан уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0