Айтматовдун чыгармачылык феномени боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Түгөлбай Сыдыкбеков менен. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Түгөлбай Сыдыкбеков менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференцияга чет элдик окумуштуулар, илимдин докторлору, аспиранттар чакырылган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу "Айтматов окуулары – 2015" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ак кеме тасмасынан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар акысыз көрсөтүлөт
Конференция КР Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулуп жатат. Ага республикалык жана чет элдик окумуштуулар, илимдин докторлору, аспиранттар чакырылган.

Илимий жыйында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык феномени: тексттер жана контексттер, "Жусуп Баласагындын доору, түрк элдеринин көөнөргүс тарыхый-этнографиялык мурастары жана Ч.Айтматов", "Доордун философиялык, этикалык жана социалдык проблемалары Ч.Айтматовдун чыгармаларында", "Айтматовдун чыгармачылыгы искусстводо: экранда, сахнада, сүрөт өнөрүндө" аттуу темалар алдында талкууга алынат.

Улуу жазуучу 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулган. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда 80 жашында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0