Айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКомузчу сахнада ырдоо учурунда. Архив
Комузчу сахнада ырдоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Намибиянын Виндхук шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги сессиясы 30-ноябрда башталган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыздардын Айтыш өнөрү казактар менен чогуу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында маалымдалды.  

"Айтыш" менен "Көк бөрү" ЮНЕСКОнун тизмесине кириши мүмкүн
Айтыш өнөрү кыргыз, казак элдеринде байыртадан бери сакталып келет. Эки элдин ак таңдай акындары бир-бири менен буга чейин далай жолу айтышып келген. 

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн 35 сунуш жөнөтүлгөн. Алардын 23ү мурастардын тизмесин жаңылаган.

Кыргызстан менен Казакстандан башка Орто Азиядан Түркмөнстандын "Гөроглы" эпосу да кирген.

Буга чейин ЮНЕСКОнун аталган тизмесине кыргыз элинин "Манас" эпосу, боз үй тигүү ыкмасы, ала кийиз, шырдактар кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0