Ноябрдын соңунда Бишкекте тажик музыкасынын концерти өтөт

Жазылуу
Концерт 24-ноябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында өтөт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкекте тажик музыкалары жаңырып, салт-санаалары көрсөтүлөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду кабарлады.

Иш-чара аталган фонду уюштурган "музыка – элдин жан-дүйнөсү" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында өтүп жатат.

Концерт 24-ноябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында өтөт.

"Концертте Омар Хайямдын жана Саадинин, Руминин жана Ибн-Синанын (Авиценнанын) тили кандай чыгаарын угуп, тажик бийлеринин пластикасын көрүп, тажик музыкалык аспаптарынын үнүнө ыракаттана аласыздар", — деп жазылат фондунун билдирген маалыматында.

Буга чейин аталган программанын алкагында Кыргызстанда жашаган улуттардын корейлердин, карачайлардын, балкарлардын, украиндердин, казактардын, дунгандардын, өзбектердин, азербайжандардын, түрктөрдүн, уйгурлардын, татарлардын музыкалык маданияты жөнүндө концерттер тартууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0