Бишкек менен Санкт-Петербургдун таланттары биргелешип концерт тартуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерттеги көрүүчүлөр. Архив
Концерттеги көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында өтүп, бардык каалагандар үчүн эшик ачык болот.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын искусство чеберлеринин биргелешкен гала-концерти өтө турганын мэрия билдирди.

Бишкек дүйнөлүк балет чеберлеринин башын бириктирет
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында боло турган иш-чара Санкт-Петербург шаарынын маданий-ишкердик миссиясынын алкагында өтөт. Делегациянын Бишкекке 23-ноябрда келиши күтүлүүдө. Мында тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларындагы лицейлер ортосундагы кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюлмакчы. 

Концертте Россиянын эмгек сиңирген артисттери менен бирге Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттары жана симфониялык оркестринин өнөрү тартууланат.

Иш-чара Опера жана балет театрында өтүп, бардык каалагандар үчүн эшик ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0