Кытайдагы фестивалда кыргыз элчилиги "Кыргыз бийин" тартуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимдеги кыздар. Архив
Улуттук кийимдеги кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык фестиваль Улуу Жибек жолунда жайгашкан өлкөлөр арасындагы маданий кызматташтыкты кеӊейтүүгө багытталды.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн арасындагы XVIII Эл аралык маданият жана улуттук кийимдер фестивалына катышты. 

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малайзияда кыргыз боз үйүнүн түндүгү көтөрүлдү
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, фестиваль жыл сайын өтүп, ар бир өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруучу маданий иш-чара болуп саналат.

Бул жылы Эл аралык фестивалдын негизги максаты Улуу Жибек жолунда жайгашкан өлкөлөр арасындагы маданият чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеӊейтүү болду. 30га жакын Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр улуттук кийим тариздерин көрсөтүштү.

Кыргызстандын элчилиги да улуттук кийимдерди жана "Кыргыз бий" аттуу бийин тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0