Таллинде өтө турган эл аралык фестивалда кыргызстандык "Мунабия" тасмасы ат салышат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүБабина. Архив
Бабина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-ирет өтө турган эл аралык кинофестиваль быйыл биринчи жолу даярдалып жаткан тасмалардын сынагын өткөрмөкчү. Режиссер Кулмендеевдин фильми дал ушул сынакка катышат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" кинодолбоору Эстониянын борбору Таллин шаарында өтө турган XIX Эл аралык "Темные ночи" кинофестивалына даярдалып жаткан тасма катары катышарын Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.

Кинолпенка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" тасмасы Германиянын кинотеатрларында жаздан баштап көрсөтүлөт
Маалыматка ылайык, фестиваль бүгүн, 13-ноябрда башталып бир жумага созулат. 16-20-ноябрь күндөрү ири иш-чаранын алкагында быйыл биринчи жолу аягына чыга элек, бирок иштелип жаткан тасмалардын сынагы өтмөкчү. Кыргызстандык фильм дал ушул номинацияда 25 тасма менен ат салышмакчы. 

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун "Мунабия" новелласынын негизинде жасалып жаткан долбоор коомчулуктун жектөөсүнөн, кордоосунан башын бийик көтөрүп, бардык кыйынчылыктарды жеңе билген даанышман кыргыз аялынын образы чагылдырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0