Драматург Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгы белгиленет

© Фото / Азизбек КулмурзаевАбдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры. Архив
Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология илимдеринин кандидаты, илимпоз, театр сынчысы Мырзабек Тойбаев чыгармачыл өмүрүндө ондогон поэтикалык, прозалык жана курч публицистикалык чыгармаларды тартуулады.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгы белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл акыны Омор Султанов 80 жашка чыкты
Маалыматка ылайык, иш-чара Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында саат 11.00дө болот. Ага театр ишмерлери, чыгармачыл интеллигенция катышып, концерттик программа менен коштолмокчу.

Филология илимдеринин кандидаты, илимпоз, театр сынчысы Мырзабек Тойбаев ондогон поэтикалык, прозалык жана курч публицистикалык чыгармалары менен бирге, бир топ драматургиялык чыгармаларды элге тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0