Нарындын маданият мекемелери текшерилет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМаданият, маалымат жана туризм министри Максутов Алтынбек. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри Максутов Алтынбек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Максутов эки күндүк иш сапарынын алкагында облустагы эки райондун жана Нарын шаарынын маданий мекемелеринин ишин көрүп, эмгек жамааты менен жолугат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа райондору менен Нарын шаарындагы маданий мекемелердин иши менен тааныша турганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн башталган иш сапарынын алкагында министр Алтынбек Максутов аймактагы кинотеатрлар, маданият үйү, китепкана, музей, театр, музыкалык мектеп, гезит редакцияларынын ишин көрөт. 

Жолугушуу учурунда аталган мекемелердин эмгек жамааты менен жолугуп, көйгөйлүү маселелерди талкууламакчы. Иш сапар эки күнгө созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0