Кыргызстандык актер согуш жөнүндөгү чет элдик тасмага тартылууда

© пресс-служба Минкультуры КРАктер Анвар Осмоналиев. Архив
Актер Анвар Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анвар Осмоналиев режиссер Далмира Тилепбергенованын көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү байгелерге татыган "Асман алдында" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын актеру Анвар Осмоналиев Венгрияда тартылып жаткан Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмада роль жаратууга чакырылды. 

Эски кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Асман алдында" тасмасында башкы каарманды ойногон Анвар Осмоналиев мыкты аталды
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, режиссер Марта Месароштун "Северное сияние" тасмасынын негизин болгон окуя түзөт. Фильм согуш жана андан кийинки мезгилди чагылдырат.

Осмоналиев режиссер Далмира Тилепбергенованын көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү байгелерге татыган "Асман алдында" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан. Учурда актер толук кандуу ишке киришип, Венгрияда жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0