Якутиядагы эл аралык сынакта кыргызстандык жаран байгелүү болду

© flickr.com / Matthew KeefeМикрофон. Архив
Микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айынын башында өткөн фестиваль аймакта жашаган көп улуттуу элдин башын бириктирип, ынтымакта жашоого үндөп келет.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Якутияда өткөн "Алтын майдан" Эл аралык фестиваль-конкурста кыргызстандык Аязбек Бекмамбетов үчүнчү орунга ээ болгонун "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Якутия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутияда өткөн сынакта кыргыз айымдары мыкты аталышты
Маалыматка ылайык, сынак 1-7-ноябрь күндөрү Якутск шаарында өткөн. Бекмамбетов "Вокал" номинациясында жеңишке жетишкен. Мындан тышкары, ал фестиваль ишине жигердүү катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланды.

Этностор аралык байланышты, диалогду бекемдөө максатында 2009-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан иш-чара алгач Кабардино-Балкария, Татарстан, Крымда тартууланып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0