"Сүтак" тасмасы Германиянын кинотеатрларында жаздан баштап көрсөтүлөт

© flickr.com / DRs KulturarvsprojektКинолпенка. Архив
Кинолпенка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле, тасма DVDге чыгып Германиянын телеканалдарына да сунушталат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Котбуста (Германия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Тасманын Германиядагы прокатына жардам берүү" ("Поддержка проката фильма в Германии") байгесин жеңип алды. Бул тууралуу тасманын продюсерлеринин бири Алтынай Койчуманова билдирди.

Мумбай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык режиссердун "Сүтак" тасмасы Болливудду да багындырууда
Буга чейин жылкычы Табылды жана анын үй-бүлөсү жөнүндөгү "Сүтак" тасмасы Анапа шаарында өткөн фестивалда "Жүзүмдүн алтын бутагы" байгесин жеңип алган. Андан сырткары эл аралык "Евразия" фестивалынын баш байгесин жана Чехияда өткөн Fedeora Award фестивалында киносынчылардын атайын сыйлыгына татыган. Ошондой эле, Болливудда өткөн кинофестивалда байгеге татыган.

Койчуманованын айтымында, Германиядан алган байге жана 10 миң евро кыргыз тасмасынын Германияда көрсөтүлүүсүнө укук берет.

"Кийинки жылы жаздан тарта "Сүтак" тасмасы Германиянын кинотеатрларында көрсөтүлүп баштайт. Ошондой эле, DVDге да чыгып Германиянын телеканалдарына да сунушталат", — дейт Койчуманова.

Адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тартылган тасма "Мыкты чет элдик фильм" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0