Малайзияда кыргыз боз үйүнүн түндүгү көтөрүлдү

Жазылуу
Эки элдин достугун бекемдөө максатында элчи Кылычбек Султанов фестивалга беш канаттуу ак өргө тартуулап, ал көргөзмө залынын чок ортосуна тигилди.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Малайзиянын Путраждая шаарында кыргыз боз үйү тигилгенин Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ушу тапта Малайзиянын Путраждая шаарында III Эл аралык ислам искусствосу жана маданиятынын фестивалы өтүп жатат. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсүнө" катышуу үчүн 350 арыз түштү
Эки элдин достугун бекемдөө максатында элчи Кылычбек Султанов фестивалга беш канаттуу ак өргө тартуулап, ал көргөзмө залынын чок ортосуна тигилди. Кызыл лента кесүү аземинен кийин элчи Малайзиянын федералдык аймак министри Аднан Мансор менен башка конокторго кыргыз элинин жашоо-турмушу, боз үйдүн мааниси тууралуу кыскача баяндап берди. 

Мындан тышкары, фестивалда кыргыз кол өнөрчүсү Аруужан Алымкулованын улуттук кийимдер коллекциясы тартууланды. Ал эми эл аралык маанидеги иш-чара өтүп жаткан мэрия имаратында Кыргызстандын павильону уюштурулуп, анда кол өнөрчүлөр Төлөсүн Бектемиров менен Жаңылбүбү Карыпбекова буюмдары менен кыргыз маданиятын чагылдырышты.

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында башталган эл аралык фестиваль 8-ноябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0