Академик Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

© Национальная академия наук КРАзиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын катышуучулары. Архив
Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал илим жана Техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү окумуштуу-философ, коомдук ишмер, жазуучу, публицист, журналист жана искусство таануучу болгон.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Академик Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция 4-ноябрда болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Адышев — тоо кендерин иштетүү тармагынын өнүгүшүнө чыйыр салган илимпоз
Конференцияга белгилүү окумуштуулар, коомдук ишмерлер, жазуучулар, жогорку окуу жайдын окутуучулары менен студенттери катышты. 

Азиз Салиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1925-жылы 10-ноябрда туулган. 

Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер 1993-жылдан баштап КР УИАнын мүчөсү. 1997-2002-жылдары КР УИАнын вице-президенти болуп иштеген. 2012-жылы дүйнөдөн кайткан. 

Ал илим жана Техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү окумуштуу-философ, коомдук ишмер, жазуучу, публицист, журналист жана искусство таануучу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0