Караколдо жаш манасчылар ат салышат

Жазылуу
"Ысык-Көл — манасчылардын алтын бешиги" аттуу фестиваль жаштарды кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, тилин, элдик оозеки чыгармачылыгын жакшы билүү менен бирге, мекенди коргоого, аны көздүн карегиндей сактоого жана мекенчил болууга тарбиялайт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-4-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Ысык-Көл — манасчылардын алтын бешиги" аттуу республикалык фестиваль өтө турганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Якутиядагы айтуучулар конкурсунун жеңүүчүсү манасчы Баялиевди министр куттуктады
Маалыматка ылайык, Касымалы Жантөшев атындагы облустук драма театрында өтө турган иш-чаранын алкагында жаш манасчылардын сынагы менен кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү тартууланат.

Манас эпосун жана аны элдин калың катмарына жеткирген манасчылар тууралуу кеңири маалымат алууга шарт түзгөн фестивалга 10 манасчы, 16 акын жана жети жаш манасчы катышып, калыстар тобунун сынында болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0