Көркөм өнөрдүн Жаңыл мырзасы — Даркүл Күйүкова 96 жашка чыкмак

© Александр ФедоровДаркүл Күйүкова. Архив
Даркүл Күйүкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз көркөм өнөрүнө зор эмгек сиңирген Төкөлдөштүн төрт кызынын бири Даркүл Күйүкова бүгүн 96 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Көп кырдуу, кайталангыс таланттын театрда, кинодо жараткан образдары кыргыз маданиятынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Театр адистеринин айтымында, Даркүл Күйүкова табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актриса болгон. 

Документтерге ылайык Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Бирок анын жакындарынын айтымында, комсомолго өтөм деп курагын эки жаш кошуп жаздырып алган. 

© Александр ФедоровДаркүл Күйүкова "Саманчынын жолунда" Толгонайдын образын жараткан. 1974-жыл
Даркүл Күйүкова Саманчынын жолунда Толгонайдын образын жараткан. 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/5
Даркүл Күйүкова "Саманчынын жолунда" Толгонайдын образын жараткан. 1974-жыл
© Александр ФедоровДаркүл Күйүкова табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актриса болгон
Даркүл Күйүкова табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актриса болгон - Sputnik Кыргызстан
2/5
Даркүл Күйүкова табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актриса болгон
© Александр Федоров"Аталар өрөөнү" көркөм тасмасында
3/5
"Аталар өрөөнү" көркөм тасмасында
Күйүкова СССРдин Эл артисти жана башка бир нече наамдарды алган
4/5
Күйүкова СССРдин Эл артисти жана башка бир нече наамдарды алган
© Александр ФедоровАл атактуумун деп бой көтөрбөй малчы, саанчы, райком, башкарма болобу барына бирдей мамиле кылчу деп эскерет замандаштары.
5/5
Ал атактуумун деп бой көтөрбөй малчы, саанчы, райком, башкарма болобу барына бирдей мамиле кылчу деп эскерет замандаштары.
1/5
Даркүл Күйүкова "Саманчынын жолунда" Толгонайдын образын жараткан. 1974-жыл
2/5
Даркүл Күйүкова табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актриса болгон
3/5
"Аталар өрөөнү" көркөм тасмасында
4/5
Күйүкова СССРдин Эл артисти жана башка бир нече наамдарды алган
5/5
Ал атактуумун деп бой көтөрбөй малчы, саанчы, райком, башкарма болобу барына бирдей мамиле кылчу деп эскерет замандаштары.

Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон.  Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
"Төкөлдөштүн төрт кызынын" бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган элеси
Ал "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Аптап", "Аталар өрөөнү" тасмаларындагы уникалдуу образдарды жараткан. Күйүкова кыргыз аялдарынын ар кыл образын түзүүдө зор чеберчилигин көрсөткөн. 

Замандаштары аны драма театрда бир бригаданы жетектеп алып, 4-5 айлап алыскы айылдарда гастролго чыкканын, башкарма, райком, карапайым малчы, дыйкан болобу баарына бирдей мамиле кылып, СССРдин артистимин деп бой көтөрчү эмес деп эскеришет. Анын кесиптеши, ошол эле учурда шакирти КРдин Эмгек сиңирген артисти Сайра Мырзалиева бул ойду дагы бир жолу тастыктап, буларга токтолду. 

"Мен 1979-жылдан баштап эже каза болгонго чейин чогуу иштештим. СССРдин Эл артисти болсо дагы бой көтөрбөгөн, ушунчалык бала кыял, шайыр жөнөкөй адам эле. Анын артисттик деңгээлин эл билет, бекеринен СССРдин Эл артисти наамы берилген жок да. Эжеден биз институтта окуп жүргөндө теориялык билимди көп алдык. Сахнада өзүңдү алып жүрүү эрежесин, образды кандай жаратуу керектигин үйрөндүк. Бир эле учурда кесиптешим дагы, устатым дагы болду", — дейт ал. 

Нурак Абдрахманов, жазылбай калган тарых, Нобель сыйлыгына көрсөтөбүз деген китеп
Даркүл эженин мурду кыйшайганда… 

Мырзалиева устаты Күйүкованын кийинки муунга, көрүүчүлөргө берген таасири өтө чоң экенин кошумчалады. Анын киного кошкон салымын, көркөм өнөргө тийгизген таасирин ага берилген наамдар тастыктап турганын белгиледи. 

Кыргыз драма театрынын башкы гримеру Гүлнар Суранчиева кезектеги ролунда Күйүкова спектаклге чыкканда кошумча мурун жасап бергенин эскерди.

"Өзүнүн мурду деле жакшынакай эле, бирок кээде башкача болуп чыккысы келгенде мурун кошуп берчүбүз. Ушундай күндөрдүн биринде сахнадан биринчи картинадан кийин эле тердегенде мурду кыйшайып калыптыр. "Ай, эже, мурун кыйшайып калыптыр" десем укмуш чочуп кетти. Анан "Эк, өлүгүңдү көрөйүн, алып салчы, мунусу жок эле чыгам" деп экинчи картинада анысы жок эле чыкты. Эл байкадыбы жокпу, билбейм. Айтор, сахнадан сырткары аябай тамашөкөй адам эле", — дейт ал.

Күйүкова узакка созулган оорунун кесепетинен 1997-жылы каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ал түйшүктүү кесибине карабай төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0