Баткен достуктун фестивалына чакырат

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен шаарына кире бериш. Архив
Баткен шаарына кире бериш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталат. Анда бир катар конкурстар, көргөзмөлөр, сынактар өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолот.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Улуттар аралык достукту бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду достуктун жана биримдиктин духунда тарбиялоо максатында "Баткен — достук калаасы" аттуу фестиваль өтө турганын "Роза Отунбаевананын демилгеси" эл аралык коомдук фонду билдирди.

Фестивалдын алкагында Баткен облусунда жашаган элдердин турмуш тиричилигин, элдик чыгармачылык жана тамак-аштары тартууланган иш-чаралар, ошондой эле "Биздин жашоо суу жана жайыт ресурстарысыз" деген аталыштагы көргөзмө уюштурулат. 

"Мектеп окуучуларынын арасында "Мени курчап турган дүйнө" аттуу асфальтка сүрөт тартуу жана улуттук оюндар боюнча конкурстар болот. Андан тышкары, облустук музыкалык драма театрдын астында тигилген боз үйдө мектеп окуучуларына жана ата-энелерге жылдыздар китеп окуп беришет. Андан кийин "Музыка элдин жан дүйнөсү" аттуу ар кыл улуттун өкүлдөрүнөн куралган искусство чеберлери концерттик программа тартуулайт", — деп айтылат билдирүүдө. 

"Баткен — достук калаасы" фестивалы 30-октябрда Баткен шаарындагы Апас Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жанындагы кичи аянтта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0