Алыкул акындын ырлары жаңырат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗалкар акын Алыкул Осмонов. Архив
Залкар акын Алыкул Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл бою залкар акын Алыкулдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп келди. Анын алкагында жер-жерлерде чыгаан инсандын музейлери, көргөзмөлөрү, илимий конференциялар өтүп, айкелдери ачылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Улуттук китепканада Алыкулдун музейи ачылды
Билдирүүгө ылайык, маданий иш-чара саат 14.00дө башталат. Ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев башында турган өкмөт мүчөлөрүнүн келиши күтүлүүдө. Мындан тышкары, маданият ишмерлери, чыгармачыл интеллигенция жана коомчулук чакырылган.

Министрликтин маалыматында филармониянын кире беришинде салтанаттын бардык катышуучуларына жана келген меймандарга Баялинов атындагы республикалык китепкананын кызматкерлери флэш-моб өткөрүп, акындын ырлары түшүрүлгөн баракчаларды таратат. 

Иш-чара ири программадагы концерт менен коштолот.

Мындан тышкары, декабрь айынын башы менен Чолпон-Ата шаарынын сейил багында Алыкулдун эстелиги ачылышы пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0