Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат Азиянын мыкты режиссерлорунун катарына кирди

Жазылуу
Сурамжылоонун натыйжасында Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасы Азиянын 100 мыкты киносунун катарына кошулду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат Азиянын 100 мыкты режисселордун катарына кирди. Бул тууралуу Бусан шаарында өтүүчү Эл аралык кинофестиваль өткөргөн сурамжылоонун натыйжасында белгилүү болгонун Кинематография департаменти билдирди.

Океев 80ге чыкмак. Кыргыз керемети, же бүтүндөй доорду кучагына алган бир сап
Маалыматка ылайык, аталган фестиваль өзүнүн 20 жылдык мааракесине карата ар кыл өлкөлөрдүн сынчыларын Азиянын мыкты режиссер жана тасмаларын аныктоо максатында сурамжылоо өткөргөн. 

Ага ылайык, 100 мыктынын ичине эки кыргызстандык белгилүү режиссерлор кирсе, Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" фильми 100 мыкты тасманын катарына кошулган. 

Түштүк Кореянын Бусан шаарында өтүүчү эл аралык кинофестиваль 1996-жылы негизделип, ошондон бери ийгиликтүү өтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0