Мыкы Comedy Баттл телешоусунун жарым финалына чыкты

© Фото / предоставлено Мыктыбеком МукаевымComedy Баттл телешоусунун катышуучусу Мыктыбек Мукаев.
Comedy Баттл телешоусунун катышуучусу Мыктыбек Мукаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычы койнуна батпаган Мыктыбек "Кыргызстан жарым финалга чыкты!" деп кыйкырып алды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылынын тургуну Мыктыбек Мукаев Comedy Баттл телешоусунун акыркы сезонунун жарым финалына өттү.

Азия MIX командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" КВНдин жогорку лигасына өтпөй калды
Катышуучуларга өз баасын берген калыстар Сергей Светлаков, Руслан Белый жана Ольга Бузова Мыктыбектин тамашаларына боору эзилгиче күлүп, жарым финалга өткөрүштү. Кубанычы койнуна батпаган Мыктыбек "Кыргызстан жарым финалга чыкты!" деп кыйкырып алды.

Бул жолку тамашасында Мыктыбек Кыргызстандын мамлекеттик карызы, метро жана миграция маселеси тууралуу айтты. 

Кыргызстандык юморист буга чейин да калыстарды өзүнүн тамашалары менен таң калтырып, алардын купулуна толгон болчу.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0