"Асман алдында" тасмасы Италияда өтө турган кинофестивалга чакыруу алды

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, тасма үстүбүздөгү жылдын 11-20-декабрь күндөрү өтө турган фестивалдын конкурстук программасына катышат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Режиссер Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Италиянын Рим шаарында өтө турган Эл аралык Cinema Avvenire кинофестивалына чакыруу алганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-20-декабрь күндөрү өтө турган фестивалдын конкурстук программасына катышат. 

Монреаль шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Асман алдында" калыстардын өзгөчө байгесине татыды
Кино жаатында жаңылыктарды, өзгөчө стилдерди, жаңы таланттарды издөөгө багытталган фестиваль өзүнө эл аралык, улуттук жана балдар тасмасы сыяктуу конкурстук программаларды камтыйт. Жылына өтүүчү иш-чарада быйыл 60 мамлекеттен келген 300гө чукул тасманын мыктылары аныкталмакчы.

Жалпы бюджети 6,5 миллион сомду түзгөн "Асман алдында" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын алдындагы кинематография департаментинин колдоосу менен бир жылда тартылган. 

Башкы ролдорду Жамал Сейдакматова, Таалайкан Абазова, Анвар Осмоналиев, Нуржигит Канаев, Мунара Дооронбекова, Асан Амановдор ойношкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0