Кыргыз эл акыны Омор Султанов 80 жашка чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармония имараты. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 80 жылдык мааракеси белгиленип жатканын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин айкели орнотулат
Маалыматка ылайык, мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара 15-октябрь күнү саат 15.00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өтөт. Ага мамлекеттик органдардын расмий өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышары күтүлүүдө.

Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Кыргыз, орус тилинде биригип 25тен ашуун китептин автору, мындан тышкары, котормолору менен да белгилүү болгон. 

2007-2009-жылдары Кыргызстандын Жазуучулар союзун башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0