Ошто боорсок боюнча жармаңке-фестиваль өтөт

Жазылуу
Иш-чарада ундан жасалган улуттук нандын ар кандай түрлөрү көргөзмөгө коюлуп, боз үй тигилип, анда конок күтүү каада-салттары көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарында 29-октябрда "Боорсок" жармаңке-фестивалы болот. Анда кыз-келиндер, энелер боорсоктун түрлөрүн жасоо ыкмаларын көрсөтүп беришмекчи. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары ундан жасалган улуттук нандын ар кандай түрлөрү көргөзмөгө коюлат. Иш-чарада боз үй тигилип, анда конок күтүү каада-салттары көрсөтүлөт. Фестивалга чет өлкөдөн келген туристтер жана КМШ мамлекеттериндеги Ош шаарынын боордош шаарларынан делегациялары чакырылган. 

Бул иш-чара Оштун шаар күнүнө карата өткөрүлүүдө. Парламенттик шайлоого байланыштуу, 5-октябрь Ош шаарынын күнүн белгилөө 29-октябрга жылдырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0