Москвада өткөн фестивалда "Меккеге карай жол" мыкты тасма болду

© flickr.com / DRs KulturarvsprojektКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — патриоттулукка чакырган чыгармалардын санын көбөйтүү, мыкты чыгармалардын авторлорун колдоо болуп саналат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Режиссер Асел Жураеванын "Меккеге карай жол" тасмасы Москвада өткөн I Эл аралык кинофестивалда "Мыкты кыска метраждуу документалдык тасма" номинациясын утуп алганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

"Сүтак" Казакстандагы "Евразия" эл аралык кинофестивалынын баш байгесин багындырды
Маалыматка ылайык, фестиваль 2015-жылдын 20-27-сентябрь күндөрү болуп өткөн. Ага дүйнөнүн 30га чукул өлкөсүнөн келген тасмалар катышты.

Иш-чаранын максаты — патриоттулукка чакырган чыгармалардын санын көбөйтүү, мыкты чыгармалардын авторлорун колдоо болуп саналат.

Кыргызстандык тасма ээ болгон наамдын байгесин фестивалдын уюштуруучулары элчиликке тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0