"Сүтак" Казакстандагы "Евразия" эл аралык кинофестивалынын баш байгесин багындырды

© Sputnik / А. Соломонов / Медиабанкка өтүүАлматы шаары. Архив
Алматы шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасмада башкы каарман жылкычы Акылбектин небере кызын ойногон Жибек Бактыбекова калыстар тобунун атайын дипломуна арзыды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Казакстанда өткөн XI эл аралык "Евразия" кинофестивалында баш байгени багындырганын Кинематография департаментинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Алматы шаарында 19-25-сентябрь күндөрү өткөн XI Эл аралык "Евразия" кинофестивалынын алкагында казак киноискусствосунун негиздөөчүсү Шакен Аймановдун 100 жылдыгына арналган "Шакендин жылдызы" аттуу фестиваль да өз эшигин ачты. 

"Тасмада жылкычы Акылбектин небереси Умсунайдын образын жараткан Жибек Бактыбекова мыкты жана чын пейилден аткарган ролу үчүн калыстар тобунун атайын дипломуна ээ болду", — деп айтылат билдирүүдө. 

Аталган эл аралык иш-чара "Улуу Жибек Жолу: Чыгыш менен Батыш маданиятынын байланышы" аттуу ураандын алдында өттү. 

Тасмаларды мавританиялык режиссер Абдеррахман Сиссаконун төрагалыгы алдындагы Түштүк Корея, Улуу Британия, Россия жана Казакстандан келген кино жаатындагы дүйнөлүк аты бар кино таануучулар баалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0