"Курманжан датка" Япониядан байгелүү кайтты

© Фото / Курманжан Датка тасмасынан"Курманжан Датка" тасмасынан көрүнүш. Архив
Курманжан Датка тасмасынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониялык көрөрмандарды кыргыз аялдарынын ат үстүндө жүрүүсү абдан кызыктырды. Кино көрсөтүлгөндөн кийин Q & A программасы уюштурулуп, көрөрмандар менен тасманын өкүлдөрү баарлашты.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын "Курманжан датка" тарыхый тасмасы Япониянын Фукуока шаарында өткөн Эл аралык Focus on Asia кинофестивалынын атайы байгесине ээ болгонун "Айтыш-фильм" студиясынын өкүлү Чолпон Идирисова билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык кинофестивалга барган "Такси жана телефон" атайы байгеге татыды
Маалыматка ылайык, фестиваль 18-25-сентябрь күндөрү болду. Иш-чаранын жеңүүчүсүн көрөрмандар добуш берүү аркылуу аныктайт. 

"Курманжан датка" тасмасы фестивалдын негизги сынак программасына киргизилген. Эл аралык иш-чарага Сингапур, Индия, Кытай, Индонезия, Филипинн, Япония, Түркия, Корея, Таиланд, Иран, Вьетнам, Тайвань, Корея жана Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн фильмдери катышты.

"Курманжан датка" тасмасы аншлаг менен көрсөтүлдү. Япониялык көрөрмандарды кыргыз аялдарынын ат үстүндө жүрүүсү абдан кызыктырды. Кино көрсөтүлгөндүн кийин Q & A программасы уюштурулуп, көрөрмандар менен тасманын өкүлдөрү баарлашышты", — дейт Идирисова.

Мындан тышкары, кыргызстандык кино Фукуока шаарынын киноархивине алынган. 

"Тасма көрсөтүлгөндөн кийин Тайвань, Таиланд, Сингапур жана Гонконгдун продюсер жана дистрибьютерлери "Курманжан датканы" өз мамлекеттеринде прокатка чыгаруу боюнча кызматташууну сунушташты", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кыргызстандык тасманы Япониядагы фестивалда башкы каармандын образын жараткан Элина Абай кызы жана долбоордун координатору Чолпон Идирисова тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0