Эрнест Абдыжапаров: "Шабдан" тасмасын каражат бөлүнсө эле тартып баштайбыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Шабдан баатыр" тасмасын башкы режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Архив
Шабдан баатыр тасмасын башкы режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхый тасманын сценарийи боюнча талаштуу маселе жок, кеп өкмөттүн каражатты бөлүүсүндө дейт режиссер.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. "Шабдан баатыр" тасмасын тартууга даярдык өкмөт бекиткен графиктин негизинде көрүлүп жатат деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине анын башкы режиссеру Эрнест Абдыжапаров. 

Анын айтымында, жакында эле эскиздер, костюмдар, декорациялар боюнча жыйын өттү. 

Ал эми сценарийдин талаштуу маселеси аягына чыккан-чыкпагандыгын сураганыбызда, бул тасма тартуунун өзүнүн структурасы бар экендигин айтты. 

"Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" дегендей, киножаратуунун өзүнүн катмарлуу түзүлүшү бар. Бул жерде тасманы тартуу президенттин, мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Булардан кийин Маданият министрлиги, Кинодепартамент, Кинематографисттер союзу, "Кыргыз фильм " киностудиясы, анын алдында көркөм кеңеш, анан редактура деген бар. Булардан сырткары, Илимдер академиясынан үч консультант көрсөтүлгөн", — деди Абдыжапаров.

Буга чейин бир катар жарандык активисттер жана тарыхчылар сценарий тарыхый чындыктан алыстап кеткен жана улуттук намыска шек келтиргендей жазылып калган деген сын-пикирлерин айтып чыгышкан. 

Режиссердун айтымында, азыр кеп каржы маселесинде эле турат. 

"Менимче, азыр талаш кыла турганга эч кандай себеп жок. Ал эми тасмага түшүрүү өкмөттөн каржат берилсе эле башталат, азыр бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат" — деп кошумчалады режиссер.

Өкмөт 2014-жылдын май айында Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасма жаратуу жана ага 80 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Тарыхый картина тартуу милдети Эрнест Абдыжапаровго тагылган. "Шабдан баатыр" Кыргызстандын кинотеатрларына прокатка келерки жылдын аягында чыгышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0