10:04 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кинолента. Архив

Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтагы" Анападагы "Киношокто" баш байгени жеңип алды

© flickr.com / DRs Kulturarvsprojekt
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Сүтак" тасмасы дүйнөнү багынтууда (40)
9420

Буга чейин "Сүтак" тасмасы Чехиянын Карлова Вары аймагында өткөн эл аралык 50-кинофестивалда жеңүүчү деп табылган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жаш режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан "Сүтак" тасмасы КМШ мамлекеттери жана Латвия, Литва, Эстония  республикалары катышкан  эл аралык XXIV  "Киношок" фестивалында толук метраждуу тасмалардын ичинен баш байгени жеңип алды.

Буга чейин тасма Чехиянын Карлова Вары аймагында өткөн эл аралык 50-кинофестивалында жеңүүчү деп табылган.

Тасманын сценарийин кошо жазышкан Эрнест Абдыжапаров "Сүтактын" ийгилиги туурасында пикирин айтып, кубанычын Sputnik маалымат агенттиги менен бөлүштү. 

"Бул Советтер союзунунан мурас болуп калган фестиваль. Ал жерге мурадагы он беш республика катышат. Ошолордун ичинен эң мыкты болуп чыгуу абдан жакшы көрүнүш. Олжо менен кайтканда, киреше болгондо адам сөзсүз түрдө сүйүнөт эмеспи. Буга жеке мен эле эмес, бул кыргыздын киносу болгондуктан, мыкты деп таанылганына кыргыздын баары сүйүнсө керек",— деди режиссер Абдыжапаров.

Мирлан Абдыкалыков кезегинде атасынын үч тасмасында, "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймылда" баш каармандардын ролуна тартылган. 

"Сүтактын" сценарийинин авторлору белгилүү режиссерлор Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров. Койгон режиссеру Мирлан Абдыкалыков. Продюсерлери Садык Шер-Нияз жана Алтынай Койчуманова.

Тема:
"Сүтак" тасмасы дүйнөнү багынтууда (40)

Тема боюнча

"Сүтактын" премьерасы Кыргызстанда 23-августта өтөт
Алматыда өтө турган эки эл аралык кинофестивалда Кыргызстандан беш тасма ат салышат
Белгилер:
Сүтак, Киношок, Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Мирлан Абдыкалыков, Анапа
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ