Эртең опера жана балет театры быйылкы сезонун "Айчүрөк" менен ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековОпера жана балет театры. Архив
Опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы партияларды Кыргыз эл артисттери Сайрагүл Чоткараева, Сталбек Алмасбеков жана Талгарбек Жакшылыков аткарат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры 19-сентябрда быйылкы сезонун ачат. Бул туурасында аталган театрдан билдиришти. 

Театрдын 73-сезонун "Манас" эпосунун негизиндеги жазылган "Айчүрөк" операсы ачат. Башкы партияларды Кыргыз эл артисттери Сайрагүл Чоткараева, Сталбек Алмасбеков жана Талгарбек Жакшылыков аткарат. 

Кийинки күнү, жекшембиде сезонду Михаил Раухвергердин "Чолпон" балети улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0