Алматыда өтө турган эки эл аралык кинофестивалда Кыргызстандан беш тасма ат салышат

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлмата шаары. Архив
Алмата шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы "Евразия" XI Эл аралык кинофестивалынын алкагында казак киноискусствосунун негиздөөсү Шакен Аймановдун 100 жылдыгына арналган "Шакендин жылдызы" аттуу фестиваль өз эшигин ачат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Алматы шаарында өтө турган "Евразия" XI Эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан беш тасма катыша турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль 2015-жылдын 19-25-сентябрь күндөрү өтөт. Мындан тышкары иш-чаранын алкагында биринчи ирет "Шакендин жылдызы" аттуу фестивалдын өтүшү каралган.

"Евразия" эл аралык кинофестивалына Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак", Марат Сарулунун "Көч", Далмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын жана дарыя" тасмалары катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган эл аралык иш-чара "Улуу Жибек Жолу: Чыгыш менен Батыш маданиятынын байланышы" аттуу ураандын алдында өтөрү белгиленүүдө. 

"Фестивалдын алкагында биринчи ирет казак киноискусствосунун негиздөөсү Шакен Аймановдун 100 жылдыгына арналган "Шакендин жылдызы" аттуу фестивалдын өтүшү да абдан маанилүү. Жаңы формат, жаңы көз караш Борбордук Азиядагы кинематографты өнүктүрүүгө чоң салым кошот", — деп айтылат маалыматта.

Тасмаларга байгелер "Мыкты оюн тасмасы", "Мыкты режиссура", "Мыкты эркектин ролу", "Мыкты аялдын ролу", "Калыстардын атайы байгеси" номинациялары боюнча ыйгарылат.

Фестиваль Акан Сатаевдин "Хакер" аттуу тасмасынын дүйнөлүк премьерасы менен башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0