Ырчы Анжелика бөбөктөргө жомок окуп берет

Жазылуу
Китеп окуу Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү 78 дарегинде жайгашкан "Раритет" китеп дүкөнүнүн залында өтөт. Каалагандар үчүн эшик ачык.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жаңы окуу жылынын башталышы менен "Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт" акциясы уланууда. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаарында 12-сентябрдан тарта ар бир ишембиде атактуу адамдар "Раритет" китеп дүкөнүндө бөбөктөргө китеп окуп берет. 

Быйыл борбор калаадагы бул акцияны Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько 12-сентябрда баштап берет. Кийинки жомокту ырчы Анжелика Бекболиева, андан аркы аптада балдар жазуучусу Асек Казиев окуп берет. 

"Максат – маданияттын жана көркөм өнөрдүн, спорттун жана саясаттын белгилүү ишмерлерин тартуу менен балдар үчүн жана балдар менен бирге китеп окууну жандандыруу", — деп билдиришти аталган фонддон.

Кыргызча китеп окуу үчүн биринчи жолу мобилдик тиркеме иштелип чыкты
Мында үй-бүлөлөрдүн, ата-энелердин, айылдык китепканалардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү аркылуу коомдо китеп окуу маданиятын калыптандыруу экендигин кошумчалашты.

Китеп окуу Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү 78 дарегинде жайгашкан "Раритет" китеп дүкөнүнүн залында өтөт. Акцияга кызыккан бардык каалоочулар акысыз кире алышарын фонддон кошумча кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0