Венецияда өтө турган эл аралык кинофестивалга кыргызстандык тасма катышат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүВенеция шаары, Архив
Венеция шаары, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо койнунда эркин жүрүп, ат жалында чоңойгон Сейде аттуу өспүрүмдүн чоң турмушка аралашуусун баяндаган тасма фестивалдын "Горизонты" атуу конкурстук программасына киргизилди.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейде" аттуу тасмасы Венецияда өтүүчү эл аралык кинофестивалдын конкурстук программасына киргизилгенин Кинематография департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык тасма тарыхта биринчи жолу аталган фестивалга катышууда.

"Фестиваль 2-сентябрда 72-ирет өз көшөгөсүн ачат. Эл аралык иш-чара Канны жана Берлин менен катар дүйнөдөгү абройлуу үч фестивалдын бири болуп эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.

Монреалдагы кинофестивалда кыргызстандык режиссердун эки тасмасы көрсөтүлөт
Венеция фестивалы 12-сентябрга чейин уланат. 

Тоо койнунда эркин жүрүп, ат жалында чоңойгон Сейде аттуу өспүрүмдүн чоң турмушка аралашуусун баяндаган тасма фестивалдын "Горизонты" атуу конкурстук программасына киргизилди. 

Калыстар тобун белгилүү америкалык режиссер, продюсер жана сценарист Жонатан Демме жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0