09:02 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
134 0 0

Фестивалдын алкагында палоо жасоо боюнча конкурстан тышкары музыкалык көңүл ачуучу оюндар да болот.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүндө Чүй облусунда палоо фестивалы боло турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган фестиваль ушуну менен үчүнчү жолу өтүп, бул жолкусу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналды.

Мыкты палоо жасоо конкурсуна Россиядан, Казакстандан, Германиядан жана башка мамлекеттерден катышуучулар келери күтүлүп жатат. Ар бир командада эң аз дегенде үчтөн киши болот.

Фестиваль жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күчү менен уюштурулууда.

Фестивалдын алкагында палоо жасоо боюнча конкурстан тышкары музыкалык көңүл ачуучу оюндар да болот.

Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)

Тема боюнча

Эгемендүүлүк майрамы 10 мүнөттүк салют жана алты сааттык концерт менен коштолот
Белгилер:
фестиваль, палоо, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ