Монреалдагы кинофестивалда кыргызстандык режиссердун эки тасмасы көрсөтүлөт

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүМонреаль шаары. Архив
Монреаль шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын базасында кинематография департаментинин колдоосу менен бир жылда тартылган тасмага мамлекет 6,5 миллион сом бөлүп берген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Режиссер Дамира Тилепбергенова "Асман алдында" аттуу тасмасы катыша турган Монреалдагы эл аралык кинофестивалга жөнөгөнү жатканын белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. 

"Асман алдында" Канададагы эл аралык кинофестивалга катышат
Маалыматка ылайык, эл аралык кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 27-августунан 7-сентябрына чейин өтөт. 39-ирет өтүп жаткан бул маданий иш-чарага чакыруу "Асман алдында" тасмасынын режиссеруна келген. Фильм "First Film World Competition" (дебютанттар сынагы) конкурсунун алкагында көрсөтүлөт.

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын базасында кинематография департаментинин колдоосу менен бир жылда тартылган тасмага мамлекет 6,5 миллион сом бөлүп берген. 

Төлөмүшова Бишкекте өтүп жаткан Эл аралык автордук кино фестивалында Тилепбергенованын "Жибек жолунун сырлары" аттуу тасмасы тартууланып, белгилүү кино сынчылардын жана адистердин талкуусунан өткөнүн белгиледи.

"Асман алдында" тасмасы көрсөтүлгөндөн кийин Монреалдагы фестивалда 29-август күнү кытай киночулары менен биргеликте тартылган "Жибек жолунун сырлары" долбоору сынчылардын назарына коюлат. Фестивалга Тилепбергенова эки тасма менен барат", — деди Төлөмүшова.

Кинотаануучу "Асман алдында" тасмасы үстүбүздөгү жылдын 1-5-сентябрь күндөрү Якутияда өтө турган эл аралык кинофестивалга да чакыруу алганын, ага тасманын башкы каарманы Керимдин ролун аткарган Анвар Осмоналиев барарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0