"Курманжан датка" Германиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка кинотасмасынан бир кадр. Архив
Курманжан Датка кинотасмасынан бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Идрисованын айтымында, аталган фильм тандоо комитети тарабынан жогору бааланып, фестивалга немис киносу катары катышуу үчүн чакырылган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Германиянын Котбус шаарында өтүүчү Эл аралык кинофестивалга катыша турганын "Айтыш фильм" студиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма бейшемби күнү фестивалдын дирекциясынан расмий чакыруу алган. 

Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" тасмасы эл аралык кинофестивалдын негизги сынагына катышат
Идрисованын айтымында, аталган фильм тандоо комитети тарабынан жогору бааланып, фестивалга немис киносу катары катышуу үчүн чакырылган.

"Курманжан датка" өз мекенинде көрсөтүүлөрдүн саны жана кассалык топтоолор боюнча голливуддук блокбастерлерден ашып түшкөн тасмаларды тартуулоочу "Улуттук хиттер" программасына киргизилди. 

Аталган кинофестиваль биринчи жолу 1991-жылы өтүп, ошондон бери Чыгыш Европадагы бирден бир маанилүү иш-чара болуп саналат. 

Киностудия "Курманжан датка" киноэпопеясы жакынкы арада Казань, Анапа жана Фукуока шаарларында өтө турган ири кинофестивалдарга да катыша турганын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0