Нааразычылык, божомол, түкшүмөл коштогон "Шабдан баатыр"

© Sputnik / Жоомарт УраимовНааразычылык, божомол, түкшүмөл коштогон "Шабдан баатыр"
Нааразычылык, божомол, түкшүмөл коштогон Шабдан баатыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразы болгон тараптар "Шабдан баатырдын" азыркы сценарийи боюнча тартылбасын деген талап коюуда, ал эми чыгармачыл топ тасма боюнча жарыяланган кастинг аягына чыккандыгын кабарлады.

БИШКЕК, 8-авг — Sputnik. "Шабдан баатыр" тасмасын тартуу боюнча чечим кабыл алынгандан тарта, анын сценарийинин айланасында талаштуу пикирлер токтобой келет. Ага ичи чыкпагандар, тасмада Шабдан Жантай уулунун бейнеси толук берилбей калды, тасма бул боюнча чыкса кыргыз элинин бетине көө жабат дешүүдө. Ал эми экинчи тарап, бул нерсе саятташып, аны тартууга тоскоолдуктар боло баштагандыгын айтышууда. 

Учурда сценарийдин автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун дарегине сын-пикирлер жаап жаткан кез. Бул аптада сценарий нааразчылыгы кайра уланып, алар фильм тартууга атайын сынак жарыяланып, мыктылардын мыктысы тандалып алынсын деген талапты коюшту.

Нааразы тараптын өкүлдөрүнүн бири "Ак санат лингво" маданий-агартуу коомунун жетекчиси Ленара Ниязбекова тасмадагы тарыхый деталдар көз жаздымда калган. 

"Толук метраждуу тарыхый көркөм фильм болгондуктан, тарыхый ар бир деталдарды абайлап бериңиз деп режиссердон сурандык. Тарыхчылар бул боюнча бир канча мүчүлүштүктөрдү айтышты. Анын медреселерди ачып, анда бир катар илимдерди окутуп, билим берүүгө кошкон салымы айтылбай калган. Окумуштуулар тарыхтын айрым жерлерине режиссер көз жуумп койгонун белгилеп жатышат", — дейт Ниязбекова.

Тасманын экинчи пландагы режиссеру Сүйүмкан Сулайманова, ар бир тарыхый тасма, даректүү фильм болбогондуктан, көркөмдөө кошуларын, ал ошонусу менен көркөм тасма деп аталарын айтат.

"Биз жарата турган "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм тасма. Ар бир картина көркөмдөлөт эмеспи. Дүйнөлүк масштабда тартылган "Жанна д'Арк", "Троя" тасмаларын мисалга алсак болот… Ар бир тасма тарыхтан кетпей, бирок, ошону менен бирге эле көркөмдөлөт. Биз бир доорду 1 саат 20 мүнөткө батырып көрсөтүшүбүз керек. Тарыхый факты деп артынан кууп отурсак, билбейм, анда кандай көркөм тасма чыгат. Азыр сын-пикирлерди айткан адамдар, өздөрүнчө чогулуп, даректүү тасма тартышса, сүйүнөт элем", — деди Сулайманова. 

Ниязбекова сценарийдин тили да примитивдүү жазылып калган деген пикирде.

"Анда күндөлүк тиричиликтеги жупуну сөздөрдү колдонуу менен кыргыз тилинин классикалык түрүн эске алган эмес. Андан сырткары, Шабдан баатыр өзгөчө тарбияда чоңойгон, кыраакы, кадыр-бартуу, маданияты бар адам. Ал кишини жапайы, катынпоз кылып көрсөтүп коюшкан", — деди ал.

Ал эми "Шабдан баатыр" тасмасынын тарыхый консультанты Аскар Беделбаев сценарий жазылгандан тарта бир нече ирет оңдолгондугун, жалпысынан алганда азыркы сценарий жакшы экендигин айтты. 

"Сценарийдин биринчи варианты менен 5-редакциянын ортосунда асман менен жердей айырма бар. Али деле мүчүлүштүктүктөр бар, азыр айтылган сунуштар боюнча режиссер иштеп жатам деди. Жалпысынан алганда, жакшы эле сценарий болду. Анын үстүнө кезегинде, Болот Шамшиев менен иштешип жүргөн Темир Дүйшекеев деген жигит ошол доордун, таза кыргыз сөздөрүн ылайыкташтырып колдонуп редакциялоого тартылган", — деди Беделбаев.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абдыжапаров: жакшы кино элди митинг-пикеттерден алаксытат
Тилчи Ниязбекова фильм кыргыздардын аброюна шек келтирип чыга турган болсо, чындап кер-мур айтуу башталат деген пикирин кошумчалады. Анын айтымында, бул тасма азыркыдай сценарий менен тартылса, кыргыз эли үчүн намыс алып келбей турган нерсе болуп калат.

Тарыхчы Беделбаев, нааразы болгондор алгачкы сценарийдеги кетирилген катачылыктарды айтып жатышкандагын айтты. 

"Режиссер аларды кабыл алып, оңдогон деген пикирин билдирген. Мындай кылууга автор-режиссердун укугу бар", — деди ал.

Ал эми Шабдан баатырдан небереси Жаңыл Абдылдабек кызы маалымат жыйынында, сценарийдин фильмине нааразы болгон түр көрсөтүлүп, долбоорду жаап, тасманы каржылоону токтотуу аракети жүрүп жатат деп баалады. 

Режиссер Сулайманова "Шабдан баатыр" тасмасы боюнча кастинг эки айга созулуп, аягына чыккандыгын, учурда облустук драма театрларынын актерлоруна тандоо жүрүп жаткандыгын билдирди.

Өкмөт 2014-жылдын май айында Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасма жаратуу жана ага 80 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Тарыхый картина тартуу милдети Эрнест Абдыжапаровго берилген. "Шабдан баатыр" Кыргызстандын кинотеатрларына прокатка келерки жылдын аягында чыгышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0