Кыргызстанды чет жакка тааныткан Виктор Цой

© предоставлено Виктором ЦоемКыргызстандык граффитчилерин жумушу. Архив
Кыргызстандык граффитчилерин жумушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык белгилүү граффити сүрөтчүсү Виктор Цой Германиянын Потсдам шаарында көчө маданиятына арналган STREETOPİA фестивалынан кайтып келди. Ал Sputnik агенттигине курган маегинде КРде Германиядагыдай фестивалдар жана бийликтин көңүл буруусу жетишпей жатканын айтты.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Көчө маданиятына арналган STREETOPİA фестивалынын жүрүшүндө Германиянын бардык аймактарынан чакырылган граффити сүрөтчүлөрү көчө дубалдарын көрккө чыгарышты. Бул жылы фестивалга отуздан ашык сүрөтчү чакырылган, анын ичинде кыргызстандык Виктор Цой да бар. Алар 250 чарчы метрден ашык дубалдарга сүрөт тартып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Салтка айланып калгандай, фестиваль июль айынын аягында өтүп, бир канча күнгө созулат.

© предоставлено Виктором ЦойомКыргызстандык белгилүү граффити сүрөтчүсү Виктор Цой Германиянын Потсдам шаарында көчө маданиятына арналган STREETOPİA фестивалынан кайтып келди.
1/3
Кыргызстандык белгилүү граффити сүрөтчүсү Виктор Цой Германиянын Потсдам шаарында көчө маданиятына арналган STREETOPİA фестивалынан кайтып келди.
© предоставлено Виктором ЦойомБул жылы фестивалга отуздан ашык сүрөтчү чакырылган.
2/3
Бул жылы фестивалга отуздан ашык сүрөтчү чакырылган.
© предоставлено Виктором ЦойомАлар 250 чарчы метрден ашык дубалдарга сүрөт тартып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
3/3
Алар 250 чарчы метрден ашык дубалдарга сүрөт тартып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
1/3
Кыргызстандык белгилүү граффити сүрөтчүсү Виктор Цой Германиянын Потсдам шаарында көчө маданиятына арналган STREETOPİA фестивалынан кайтып келди.
2/3
Бул жылы фестивалга отуздан ашык сүрөтчү чакырылган.
3/3
Алар 250 чарчы метрден ашык дубалдарга сүрөт тартып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Кыргызстандын атынан катышкан Виктор Цой фестивалдын жүрүшү боюнча өз пикирин Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, фестиваль ушуну менен бешинчи жолу өтүп жатат, аны жаштардын Youthculture Potsdam демилгелүү тобу уюштуруп келет.

Фестивалда Виктор кара терилүү кичинекей кыздын "салам, алейкум" деп саламдашып турганын тарткан. Ал эмне себептен мындай сүрөттү тартканын мындайча түшүндүрдү.

"Африкалык кыздын потсдамдыктарга "салам алейкум" деп учурашуусу жөндөн-жөн эмес. Баарыбыз билгендей, бул сөз "сиздерге тынчтык" дегенди түшүндүрөт. Мен мындай ыкма менен кыргызстандыктар түрдүү жана көп улуттуу калк экенибизди көрсөткүм келди", — дейт ал.

Виктор Цой бул сүрөтү аркылуу чет элдик досторуна кыргызстандыктар достукту сүйгөн эл экенин тастыктоо үчүн тартканын кошумчалады.

Кыргызстандык граффити сүрөтчүсү Виктордун толук маегин орус тилинде Sputnikтен окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0