Кыргызстанда жыл сайын боз үй жумалыгын өткөрүү пландалууда

Жазылуу
Жумалыкты өткөрүү үчүн Каржы министрлиги жыл сайын республикалык бюджеттен үч миллион сом бөлүп турушу зарыл.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жыл сайын боз үй жумалыгын өткөрүүнү пландап жатат. Аталган министрлик бул демилге боюнча өкмөттүн токтомун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

"Жумалыктын максаты – кыргыздардын боз үйүн элге жайылтуу, коомчулукка арбын маалымат берүү. Андан сырткары, "Маданият жөнүндө", "Манас" эпосу жөнүндө" жана "Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө" мыйзамдарды ишке ашыруу", — деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.

Маданият министрлигинин демилгеси менен бул жумалык жыл сайын 30-августтан 5-сентябрга чейин республикалык деңгээлде өткөрүлүп турушу керек. Биринчи жылы Бишкек шаарында, андан кийин өлкөнүн ар кайсы аймактарында болот. Мындай иш-чараны өткөрүүгө Каржы министрлиги республикалык бюджеттен жыл сайын үч миллион сом бөлүп турушу керек. 

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0