"Оймо" Sputnik агенттигине ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековОймо фестивалынын кызматкери. Архив
Оймо фестивалынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу — эл аралык "Оймо" фестивалынын башкы маалыматтык өнөктөшү.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо-2015" фестивалынын уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчисине ыраазычылык кат тапшырды.

"Чолпон-Атада шейшемби күнү фестивалдын Ысык-Көлдө өтө турган экинчи бөлүгүнүн ачылыш аземи болду", — деп билдирди кабарчы.

Эл аралык Оймо фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казак фестивалынын директору: "Оймого" чындап эле көз артып турам
Иш-чараны вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева ачып, фестивалдын кыргыз элинин салттуу маданиятын сактап калуудагы жана кол өнөрчүлүк индустриясын өнүктүрүү жатындагы маанилүү ордун белгиледи. 

Фестивалдын директору Динара Чочунбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменинага ыраазычылык кат тапшырып, агенттик активдүү маалыматтык колдоо көрсөткөнү үчүн рахматын айтты. 

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу — эл аралык "Оймо" фестивалынын башкы маалыматтык өнөктөшү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0