Казак фестивалынын директору: "Оймого" чындап эле көз артып турам

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык "Оймо" фестивалы. Архив
Эл аралык Оймо фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беккулова бүгүнкү күндө өнөктөш табуу мындан он жыл мурункуга караганда кыйла жеңил экенин айтып өттү. Анткени жармаңкеде 150дөн ашык чебер катышууда.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эл аралык "Оймо" фестивалы Борбордук Азия эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча баалана баштаганын Казакстандын кол өнөрчүлөр союзунун төрайымы Айжан Беккулова билдирди.

Мексиканын байыркы уруусунун тукуму тумарын көрсөтүп, КР кыздары үчүн ырдап берди
Кыргызстанда июлдун аягында онунчу эл аралык "Оймо" фестивалы башталды. Кыргызстан, АКШ, Франция, Иран, Мексика, Кувейт, Улуу Британия, Индия, Түркия, Афганистан жана коңшулаш башка мамлекеттердин чыгармачыл интеллигенциясы, арт-менеджерлер, кол өнөрчүлөрү өз коулнан чыгарылган буюмдарын көрсөтүп, тажрыйба алмашуу үчүн чогулушту.

Беккулованын айтымында, ала кийиз менен жибектен жасалган "Казактар-деңиз сүзүүчүлөрү" деп аталган коллекциясынан кийим алып келген.

"Чек арадан бүтүндөй коллекцияны алып өтүү татаал болгондуктан, аз гана бөлүгүн алып келгениме өкүнүп жатам. Келерим менен баары өтүп кетти", — дейт кол өнөрчү.

Чебер фестивалда тажрыйба алмашуу абдан жакшы жүрүп жатканын белгиледи.

"Кыргыздын салттуу кийиминин коллекциясы жогорку деңгээлде аткарылыптыр — колго сайылган сайма, күмүш. "Оймо" кыргыз элинин көөнөрбөс каада-салтын абдан жакшы чагылдырды", — деди Беккулова.

Ал бүгүнкү күндө өнөктөш табуу мындан он жыл мурункуга караганда кыйла жеңил экенин айтып өттү. Анткени жармаңкеде 150дөн ашык чебер катышууда. Алардын ичинде Павлодар менен Алматыдан келген 10дой кол өнөрчү бар. Беккулова бир катар чет элдик чеберлерди Астана жана Алматы шаарларында өтө турган "Шибер" аттуу фестивалга чакырган.

"Мен чындап эле "Оймого" көз артып жатам — бул жерде масштабдуулук, чет элден кол өнөрчүлөрдү чакырууга мүмкүнчүлүк, мамлекет тарабынан түшүнүү, колдоо бар экен. Тилекке каршы, бизде бул сыяктуу иш-чаралар мындай жогорку деңгээлде өтпөйт", — деди уз.

Бекуулова казакстандык фестивалдын уюштуруучусу катары кыргызстандык кол өнөрчүлөрдөн бир катар сабак алганын жашырган жок. 

"Оймонун" учурдагы абалы абдан жакшы, ал эми келечеги мындан да кең", — деди казакстандык мейман.

"Оймо" Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы. Ал салттуу түрдө июлдун аягында Бишкекте жармаңке менен башталып, Ысык-Көлдө уланат. 

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу эл аралык "Оймо" фестивалынын маалыматтык өнөктөшү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0