Эртең биздин өлкөдө Кытайдын маданият күндөрү башталат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГаосю шаары, Кытай. Архив
Гаосю шаары,  Кытай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын ачылышы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда, ал эми салтанатты жабуу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында өтөт.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Бишкекте Кытай Эл Республикасынын маданият күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Октябрь айында Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Билдирүүгө ылайык, 29-31-июль күндөрү өтө турган иш-чаранын алкагында Кытайдын белгилүү искусство чеберлеринин концерти, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү жана жыйынтыктоочу гала-концертинин болушу күтүлүүдө. 

Мындан тышкары Кытайдын расмий делегациясы КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов менен жолугуп, Мамлекеттик тарых музейин көрөт.

Иш-чаранын ачылышы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда, ал эми жабылуу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында өтөт. 

4-августка чейин улана турган көргөзмөнү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинен көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0