Түркиянын министри эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын ардактуу коногу болот

© AFP / DANIEL MIHAILESCUТүркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу. Архив
Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кесиптеши менен эки мамлекеттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулайт.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга расмий иш сапары менен Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келе турганын ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы менен стратегиялык пландоо биргелешкен топтун экинчи жыйыны өтөт.

Берег Иссыккуля - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан "Мейкин Азия" фестивалы жөнүндө дүйнөгө жар салат
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кесиптеши менен эки мамлекеттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулайт.

Мындан тышкары, Мевлют Чавушоглу президент Алмазбек Атамабаев, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуп, Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын ардактуу коногу болот.

Түркия Тышкы иштер министринин Кыргызстандагы иш сапары 24-июлга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0