"Асман алдында" Канададагы эл аралык кинофестивалга катышат

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүМонреаль шаарына көрүнүш. Архив
Монреаль шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Август айында Канаданын Монреаль шаарында режиссер Дамира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы өтө турганын "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк киноиндустриянын архивине кириши мүмкүн
Ага ылайык, эл аралык кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 27-августунан 7-сентябрына чейин өткөрүлөт. 39-ирет өтүп жаткан бул маданий иш-чарага чакыруу "Асман алдында" тасмасынын режиссеруна келген. Фильм "First Film World Competition" (дебютанттар сынагы) конкурсунун алкагында көрсөтүлөт.

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. 

Мамлекеттик каражатка тартылган тасманын бюджети 6,5 миллион сомду түздү.

Былтыркы кинофестивалга режиссер Садык-Шер-Нияздын "Курманжан датка" тарыхый тасмасы катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0